Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 08:42

3 млн доллар соту: Адвокаттын өтүнүчү кабыл алынган жок


"Кумтөр" ишканасынан үч миллион доллар талап кылган деген айып менен соттолуп жаткандардын адвокатынын өтүнүчүн сот канааттандырбай койду. Кабарчыбыздын айтымында, адвокат Чынара Жакупбекова соттолуучулар алгачкы эки күнү УКМКда мыйзамсыз кармалганын айтып, бул үчүн жооп берилиши керек деген болчу.Бирок судья иш оор кылмыштар боюнча териштирилип жатканын айтып, адвокаттын өтүнүчүн кабыл албай койду.

Бүгүн Бишкектин Биринчи Май райондук сотунда Жети-Өгүз районундагы Саруу айылынын тургундары Эрмек Жунушбаев менен Бактияр Курмановдун үстүнөн сот жүрүп жатат. Алар быйыл августта “Кумтөр оперейтинг” компаниясынын өкүлү Дуглас Гриерден ири суммадагы акча талап кылды деген айып менен УКМКнын тергөө абагына камалган. Соттолуучулар өзүлөрүн күнөөсүз деп эсептейт. (MiT/RK)

XS
SM
MD
LG