Азербайжанда оппозициялык журналист жана блогер Расад Рамазанов “мыйзамсыз маңзат сактаган” деген айып менен тогуз жылга түрмөгө кесилди. Дагы бир оппозициялык "P.S. Nota" деген гезиттин редактору Сардар Алибейли “бейбаштык” үчүн төрт жылга камалды. Журналисттердин жактоочулары аларга кылмыш иштери “саясий себептер менен ачылган” дешет.
“Эл аралык мунапыс” кору журналисттердин камалышын айыптап, кылмыш иштери тергөөнүн жасалма көрсөтмөлөрүнө негизделген деп билдирди. Amnesty International Азербайжанда шайлоолорго көз карандысыз байкоо салуу тобуна каршы ачылган кылмыш ишин да айыптады. Бул топ өткөн айдагы шайлоодо президенттикке кайра Илхам Алиев келгенин сындаган болчу.