Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Май, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:20

Орусия менен Египет курал соодасын сүйлөштү


Орусия менен Египеттин тышкы иштер жана коргоо министрлери эки млрд. долларга барабар курал соодасы боюнча сүйлөштү. Эки өлкөнүн жогорку даражадагы расмий өкүлдөрү көп жылдардан бери алгачкы ирет мындай талкууга чогулушкан. Быйыл июлда президент Мухаммад Мурсини аскерий жетекчилик бийликтен кулаткандан кийин АКШ Египетке курал жана акча жагынан жардамды токтотуп койгон.

Орусиялык министрлер Сергей Лавров менен Сергей Шойгу Каирде утурумдук президент Адли Мансур менен да жолугушаары айтылган. Каирдеги бүгүнкү маалымат-жыйынында Лавров: "Египет менен Орусия кимдир бирөөгө каршылык үчүн достошуп жаткан жери жок, - деди. - Бүгүнкү заманда мурдагы доорлордогу ойдон алыстап, азыркы учур менен жашаган дурус жана ар бир өлкө ким менен мамиле күтүүнү өзү чечиши керек".

Орус деңиз флотунун “Варяг” аскерий кемеси жээктеги Александрия портуна барганы кабарланып жатат. Орус аскер кемелери бул өлкөгө 1992-жылдан бери барбай калган. Советтер союзу Египет менен тыгыз мамиледе болуп келгени менен, 1970-жылдары президент Анвар Садаттын тушунда өлкө Батышка ыктай баштаган эле.

XS
SM
MD
LG