Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:07

Айткуловдун туугандары милицияга нааразы


Адвокаттын туугандары кылмыш иши туура эмес козголду деп нааразы.

Мындай пикирин адвокаттын бир тууганы Хансар Айткулов “Азаттыкка” билдирди. Ал кол салуу тоноо максатында эмес, атайын буйрутма менен анын адвокаттык ишмердүүлүгүнө байланыштуу болгонун милиция көргүсү келген жок деп эсептейт:

-Тоноо максатында эмне үчүн бутун атайылап сындырышат. Окуя үйдүн жанында болгон, бутун сындырып жаткан киши ооруга чыдабай кыйкырмак. Демек, анын эс-учун жоготуп коюп, анан бутун сындырышкан. Тоноочуларга кишинин эсин жоготкону деле жетиштүү болмок да. Милиция жөн гана кол салуу анын адвокаттык ишмердүүлүгүнө байланыштуу болгонун көргүсү келбей жатат.

Икрамидин Айткуловдун сабалышы боюнча “күч колдонуп карактоо” деген берене боюнча кылмыш иш козголду. Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын маалымат катчысы Бакыт Сейитов сабалган себептери боюнча так версия азырынча жоктугун айтууда:

- Кылмыш белгисиз адамдар тарабынан жасалып жатпайбы, өзү да, биз да билбейбиз. Азыр бизге түшкөн маалыматтар менен иштеп жатабыз. Балким ошол жердеги бейбаш адамдар телефон, акчасын алып, карактоо максатын көздөгөндүр. Эми аны тергөө көрсөтөт. Азырынча кайсы бир версияны айтууга эрте.

Адвокаттын бир тууганы Хансар Айткуловдун “Азаттыкка” билдиргени боюнча бүгүн Икрамидин Айткуловдун башы томографияга тартылат, томографиялык иликтөөнүн жыйынтыгына жараша дарыгерлер диагноз коюшат.

13-ноябрда кечки саат он ченде токмоктолгон адвокат №4 оорукананын реанимация бөлүмүнө жаткырылган. 14-ноябрда анын абалы туруктуу делип, жалпы палатага которулган, адвокаттын палатасы милиция кызматкерлеринин кайтаруусунда.(ZKo)

XS
SM
MD
LG