Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Июнь, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 14:47

Баткенде быйыл 8 чек ара бөлүмү курулууда


Мындай маалыматты Баткен облусу боюнча 1-чөлкөм чек ара башкармалыгынын ордо зардалы Эрзат Шамшиев “Азаттыка” билдирди. Анын айтымында, өкмөттүн атайын бөлүнгөн каражатына чек аралаш аймактардагы эң зарыл жерлерге 8 чек ара бөлүмдөрү курулуп жатат. Мындан тышкары облус боюнча чек ара маселелерин ыкчам чечүү максатында чөлкөм башкармалыгы да түзүлгөн. Чек ара түйүндөрүнүн көбөйтүлүшүнө быйылкы жылы Баткен облусунда Өзбекстан жана Тажикстан менен чектеш аймактарда чек арага байланышкан чырлардын көбөйүшү себеп болгон.
Баткен облусу Өзбекстан жана Тажикстан менен миң чакырымдай чектешет. Анын 70 пайызы тактала элек.(JsA/ZKo)

XS
SM
MD
LG