Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 01:44

Обама Конгрессти Иранга жаңы санкция киргизбөөгө үндөдү


АКШ президенти Иран менен анын өзөктүк программасын ачыктоо тууралуу сүйлөшүүлөр жүрүп жаткан учурда, Иранга каршы жаңы санкцияларды киргизбей турууга Конгрессти чакырды. Ал бейшембиде Ак үйдө өткөн маалымат жыйынында сүйлөшүүлөр Тегеранды уран байытуудан баш тарттырууга кепилдик бере алчу эң жакшы ыкма деп айтты:

- Эгерде биз дипломатиялык сүйлөшүүлөргө олуттуу мамиле кылсак, анда ансыз деле эффективдүү санкциялардын үстүнө дагы санкция кошуунун зарылчылыгы жок болуп калат.

Обама ошондой эле эгер Иран убадасына турбаса, санкциялар мурдагыдан да катаалданышы ыктымалдыгын эскертти. Конгресстин улуу муундагы мүчөлөрү Ирандын өзөктүк программасын алсыздантуу үчүн санкцияларды жумшартуунун ордуна катаалдантууну талап кылышууда.

XS
SM
MD
LG