“Кыргызстанда толеранттуу коомду түзүү үчүн кандай аракет көрүлүп жатат?” деген темадагы тегерек стол 15-ноябрда Бишкекте болот. Ага Кыргызстандагы эл ассамблеясынан, жарандык коомдон өкүлдөр жана эксперттер чакырылган. Жыйында өлкөдөгү коомдук-саясий кырдаал, ага жарандардын таасири тууралуу сөз болот. Талкууда мектептердеги толеранттуулук маселеси да каралмакчы. Бул тууралуу “Балдар укугун коргоо лигасынын” жетекчиси Назгүл Турдубекова “Азаттыкка” билдирди.(ZKo)