Ошто куткаруучулар өрт кырсыгынан 13 жаштагы өспүрүм Хусан Аликуловду аман алып чыгышты. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматы боюнча, Ош облусунун Өзгөн районундагы Дөң-Булак айылынын тургуну Бахадыр Аликуловдун үйүндө кечээ саат 23:30да өрт чыккан. Үй ээлери эшикке качып чыгып, 13 жашар баласын таппай калган. Өрт өчүрүүчүлөр Хусан Аликуловду өрт болуп жаткан бөлмөдөгү шкафтын артына жашынып отурган жеринен таап, куткарып калышкан. Учурда өспүрүмдүн абалы жакшы. Кырсыкка мештин жана мордун туура эмес салынып калганы себеп болгон. Соңку суткада Кыргызстандын аймагында 22 өрт кырсыгы катталды. (RK)