Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 08:07

Айткулов: Менин сабалышым - саясый буйрук болушу ыктымал


"Менин сабалышым саясый буйрук болушу мүмкүн", - деп билдирди бүгүн "Азаттыкка" адвокат Икрамидин Айткулов. Ал Баш прокурор Аида Салянованын "Мегаком", Камчыбек Ташиев, Ахмат Бакиевдердин соту боюнча кетирген өксүктөрүнүн далили бар экенин, бул тууралуу парламентте бир нече жолу айтканын, бирок өлкө башчы да, анын аппараты да эч чара колдонбогонун айтты:

- Азыркы бийлик адвокаттарга ушундай мамиле жасоого шарт түзүп койду. Мен бул режимди "Салянова менен Атамбаевдин кылмыш режими" деп атайм. Эмне үчүн Атамбаев Салянованы калкалап келет?

Адвокаттын билдирүүсүнө байланыштуу "Азаттык" президенттик аппарат менен байланышты. Мамлекет башчынын маалымат катчысы Кадыр Токтогулов:

- Бул кезектеги калп. Болгондо да түрү укмуш калп. Менин оюмча, адвокат өзүн ашкере баалайт окшойт. Албетте, адвокатка кылмышкерлердин кол салганы абдан өкүнүчтүү. Тартип коргоо органдары ким кол салганын аныктайт деп ойлойм, күнөөлүүлөр өз жазасын алышы керек. Бирок Айткуловго карата колдонулган ыкма ал бүгүн өзү коргоп жүргөн адамдардын колунан келчү ишке окшоп кетет экен, - деди.

Икрамидин Айткуловду мурдагы күнү кечинде белгисиз бирөөлөр катуу сабап, бутун сындырып кеткен. Ал бийликке оппозициялык көз караштагы адамдардын адвокаты катары белгилүү. (UEz/RK)

XS
SM
MD
LG