Мурдагы акыйкатчы Турсунбек Акун Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетке эртең, 16-ноябрга саат 10го чакырылды. Бул тууралуу ал өзү "Азаттыкка" кабарлады. Акундун пикиринде, аны президент Алмазбек Атамбаев боюнча соңку билдирүүсүнө байланыштуу чакырып жатышы ыктымал. Себеби 29-октябрда ал Батукаевдин түрмөдөн чыгып кетишине мамлекет башчынын тиешеси бар деп айтып чыккан. Президенттин маалымат кызматы бул боюнча билдирүү таратып, Акундун айткандарын абсурд деп атаган.
Бир катар оор кылмыштар үчүн соттолгон Азиз Батукаев быйыл жазында рак оорусуна чалдыкты деген негизде түрмөдөн эртелей бошонуп, Чеченстанга учуп кеткен. Бул үчүн парламент Турсунбек Акунду иштен алып койгон. (RK)