Бейшембиде Манхэттендеги федералдык сотто америкалык эки жаран орусиялык ишкер, “Тайванчик” деген каймана ысымы бар Алимжан Тохтахунов менен байланышкан эл аралык кылмыштуу топ түзүшкөнүн моюндарына алышты.
Нью-Йорктун федералдык прокурору 53 жаштагы Вадим Трунчер 27 жаштагы уулу Евгений Трунчер экөө эл аралык казино бизнесин мыйзамсыз уюштуруп, Тохтахуновго көз боёмочулук менен он миллиондогон доллар пайда көрүүгө көмөктөшкөн деген айып такты. Прокурордун айтымында, кылмыштуу топтун бардык мүчөлөрү сот алдына келмейинче иликтөө улана берет.
Өзбекстанда туулган Алимжан Тохтахунов Орусияда жашайт. АКШ бийликтери ага каршы арам акчаны адалдаштырган, казино бизнесин мыйзамсыз уюштурган деген негизде айып койгон.