Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:41

Филиппинде үч жарым миңден ашуун киши көз жумду


"Хайян" деп аталган тайфундан жапа чеккендерге жардам берүү оор болууда. Бул тууралуу өлкөнүн ичики иштер министри Мар Роксас шаршембиде Таклобан шаарында туруп билдирди.

Аталган шаардын көпчүлүк бөлүгү жаратылыш кырсыгынын кесепетинен кыйрап калган. Жабыркагандардын көпчүлүгү гуманитардык жардам ала элек. Кырсыктын айынан көз жумгандардын саны өсүүдө. Бүгүн филиппин бийликтери өлгөндөрдүн саны 3621ге жеткенин билдирди. 600 миңден ашуун киши үй-жайын таштап кетүүгө мажбур болду. Эл аралык коомчулук тамак-аш жана дары-дармек жиберүүдө. Айрым жерлерге тик учактар менен суу жеткирилүүдө. Өткөн жумада башталган "Хайян" тайфунунан жалпысынан тогуз жарым миллион киши жабыр тартты.

XS
SM
MD
LG