Жалал-Абадда жол кырсыгы көп катталууда.
Бүгүн Бишкек - Ош жолунун 523-чакырымында же Токтогул районундагы Үч-Терек айылынын бөлүгүндө жеңил машина башка унаанын түбүнө кирип кетип, жеңил унаадагы үч киши мерт кетти. Кечээ ушул эле жолдун 560-чакырымында же Сузак районундагы Топурак-Бел ашуусунда тойго бараткан Мерседес-Бенц унаасы ала салып кетип беш жигит көз жумган. Облуста он айда 153 адам
автокырсыктан набыт болду. Былтыркы жылдын ушул мезгилине карата бул 21% көп. 963 адам түрдүү жараат алган. (YA/RK)