Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 17:22

Кеннединин кызы АКШнын Жапониядагы жаңы элчиси


АКШнын Жапониядагы жаңы элчиси, экс-президент Жон Кеннединин кызы, кесиби юрист Кэролайн Кеннеди жума күнү Токиого барды. 55 жаштагы Кеннеди Кошмо Штаттардын Жапониядагы алгачкы аял элчиси катары кызматка киришет. Шейшембиде Кеннеди айым жапон императору Акихитого ишеним грамотасын тапшырат.

2008-жылы Кэролайн Кеннеди Барак Обаманын талапкерлигин колдоп, анын шайлоо өнөктүгүнө катышкан. Быйыл Жон Кеннединин атылганына 50 жыл толот. Ал 1961-жылдын январь айынан 1963-жылдын ноябрь айына чейин президенттик кызматты аткарган.

XS
SM
MD
LG