Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:38

Кыргыз-өзбек чек арасындагы окуя боюнча кылмыш иш козголду


Баткенде чек арачыга кол көтөрдү делген сохтуктарга карата кылмыш иш козголду. Мындай маалыматты “Азаттыкка” Чек ара кызматынын өкүлү Эрзат Шамшиев билдирди. Анын айтымында 12-ноябрда Өзбекстандын Сох анклавы менен чектеш аймакта аткезчилик кылып жүк тартып бараткан өзбекстандык жарандар кармалган. Алар кыргыз чек арачысын Өзбекстандын аймагына тартып кирип сабап, куралын тартып алган. Таяк жеген чек арачыны чогуу кызмат өтөгөн аскерлер куткарып калган. Эки тараптуу сүйлөшүүлөрдүн натыйжасында курал кайтарылган. Чек арачыларга кол көтөргөн сохтук 4 жаранга кылмыш иш козголуп, тергөөгө жолтоо болбосун деп аларды Фергана шаарына алып кетишти. Аткезчилик менен алектенгендерге көмөктөшкөн Кыргызстандын бир жараны кармалып, кылмыш иши козголгон. (JsA)

XS
SM
MD
LG