Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Апрель, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 21:50

Кытайда бир гана балага уруксат берген саясат жумшарат


Кытай коммунисттик партиясы өз жарандарына бир гана балалуу болууга милдеттендирген саясатын жумшартат. Мамлекеттик “Синхуа” агенттиги ушул апта соңунда өткөн партия лидерлеринин жыйынында атайын документ даярдалганын маалымдайт. Анда эгер жубайлардын бири жалгыз балалуу үйдөн чыкса,
андай жубайларга эки балалуу болууга уруксат берилет.

Кытай ошондой эле полиция жумушчуларды сот-сураксыз эле төрт жылга чейин атайын лагерлерге кескен системаны дагы реформалайт. Партиянын 3-пленумунда ошондой эле Кытайда өлүм жазасына чегерүүнү азайтуу дагы белгиленгенин кабарлады.

XS
SM
MD
LG