Pussy Riot тобунун абактагы мүчөсү Надежда Толоконникова Красноярскидеги №1 кургак учук ооруканасында текшерүүдөн өтүп, жугуштуу дарт менен оорубай тургандыгы аныкталды. Надежданын күйөөсү Петр Верзилов жубайы менен жолугушканын, кургак учук аныкталбагандыгын айтты. Эки жылга кесилген Надежа Толоконникова буга чейин Мордовиядагы түрмөдө “өмүрүнө коркунуч келтирилгенин, андагы начар шарттарга нааразы экенин” айтып, ачкачылык жарыялаган.
Pussy Riot тобунун үч мүчөсү былтыр чиркөөдө президент Владимир Путинди келекелеп ырдады деп, “бейбаштык” үчүн камалган. Келерки жылы мартта Толоконникованын түрмөдөгү мөөнөтү аяктайт.
Pussy Riot тобунун үч мүчөсү былтыр чиркөөдө президент Владимир Путинди келекелеп ырдады деп, “бейбаштык” үчүн камалган. Келерки жылы мартта Толоконникованын түрмөдөгү мөөнөтү аяктайт.