Бүгүн репрессиянын курмандыктарын эскерүүгө алардын жакындары жана Бишкек мэри Иса Өмүркулов "Ата-Бейит" мемориалдык комплексине барышты. Бул тууралуу Бишкек шаардык мэриясынын маалымат кызматы билдирди.
"Ата-Бейитте" совет бийлиги учурунда репрессияланган 137 кишинин сөөгү көмүлгөн. Алардын көбү Касым Тыныстанов, Жусуп Абдрахманов, Төрөкул Айтматов сыяктуу көрүнүктүү ишмерлер болгон.
1938-жылы ноябрда репрессияланып, бир жерге көмүлгөн 137 кишинин сөөгү 1991-жылы августта кайра жөрөлгөсү менен "Ата-Бейитке" көмүлгөн. Аларды күнөөлөгөн айрым документтер, соттун чечимдери жана анча-мынча өздүк буюмдары азыр “Ата-Бейит” мемориалдык комплексинде сакталган. (AKu)