Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:05

Кыргыз киносуна 72 жыл толду


17-ноябрь – Кыргыз кинематографиясынын күнү.

Кыргызстандын президенти Алмазбек Атамбаев кино тармагында эмгектенгендерди куттуктап, "бүгүн кыргыз киносу кайрадан жарала баштаганына күбө болуп жатабыз. Кыргыз кинематографисттеринин жаңы мууну кыргыз киносунун көрөңгөлүү салттарын татыктуу улантып кетет деп ишенем”, - деди.

Кинематография күнү 1994-жылдан бери расмий белгиленип келатат. 1941-жылы 17-ноябрда Фрунзеде кинохроникалык студия ачуу тууралуу токтом кабыл алынгандан бери кыргыз киносунун жаралган күнү болуп эсептелет. Биринчи кыргыз тасмасы - “Салтанат” 1955-жылы тартылган.

1960-жылдардагы ийгиликтерден кийин бул тармак “кыргыз керемети” деп аталды. Ал жылдары Мелис Убукеевдин, Болот Шамшиевдин, Төлөмүш Океевдин, Геннадий Базаровдун жана башкалардын тасмалары Советтер союзунда жана эл аралык сынактарда алдыңкы орундарды алып турган. Ошол учурда жазуучу Чыңгыз Айтматовдун бир топ чыгармалары тасмага тартылган. (AKu)

XS
SM
MD
LG