Ак-Өргө, Ак-Ордо жана Ала-Тоо жаңы конуштарын бириктирген №3 муниципалдык-аймактык башкармалыктын имараты талашка түштү. Жергиликтүү жашоочулардын айтымында, аталган имарат мурдагы бийлик тушунда жеке компанияга жең ичинен сатылып кеткен жана алар аталган имаратты элдин менчиги деп эсептешет. Ар кандай талаштуу учурлардан кийин имаратты сатып алган “Инженеринг сервис” компаниясы имаратты сот аркылуу менчиктеген.
Бирок жергиликтүүлөр жана жергиликтүү бийлик соттун чечимине макул эмес.
Жашоочулар маселе элдин кызыкчылыгына чечилбесе, дүйшөмбүдөн тартып, жол тосорун билдиришти. (UEz)
Бирок жергиликтүүлөр жана жергиликтүү бийлик соттун чечимине макул эмес.
Жашоочулар маселе элдин кызыкчылыгына чечилбесе, дүйшөмбүдөн тартып, жол тосорун билдиришти. (UEz)