Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 13:40

Жай мезгилинде Ысык-Көлдө 7 адам чөгүп өлдү


Бул тууралуу бүгүн Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалымат кызматы билдирди. Министрликтин алдындагы суучулдарды даярдоо жана сууда техникалык иштерди жүргүзүү борборунун жетекчиси Алмабек Айдакеевдин айтымында, чөккөндөрдүн көпчүлүгү коопсуздук эрежелерин сактаган эмес. Анын билдиришинче, эс алуучулар тыюу салынган жерлерде көп сүзөт жана суу техникаларын кооптуу жайларга чейин айдап барышат.

Аталган борбордун куткаруучуларынын ар бири өткөн сезондо 4-12 адамдан куткарышкан. Бул тармакта куткаруучулар жетишпегени айтылып келет. Быйыл 86 адам окутулду.

Өзгөчө кырдаалдар министри Кубатбек Боронов өлкө боюнча 100дөн ашуун адам сууга чөккөнүн билдирип, тиешелүү тармакка издөө иштерин ыкчамдатууну тапшырды. (AKu)

XS
SM
MD
LG