Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Май, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 23:02

МАВЕН Марска сапар алат


МАВЕН көлүгү Марстын жанында (иллюстративдик сүрөт).
МАВЕН көлүгү Марстын жанында (иллюстративдик сүрөт).
18-ноябрда Американын улуттук космос агенттиги – НАСА "кызыл планета" атыккан Марска МАВЕН (MAVEN – The Mars Atmosphere and Volatile Evolution) көлүгүн учурат. Бул тууралуу НАСАнын Марсты изилдеген "Скаут" программасы маалымдады. МАВЕН көлүгү Марстын үстүңкү атмосферасын, ионосферасын жана планетанын Күн менен өз ара байланышын изилдейт. Көлүк сегиз сенсор менен жабдылган.

МАВЕН Марстагы атмосферанын жоголушун, климатын, жашоо шартын жана планетанын геологиялык тарыхын изилдейт. Изилдөөнүн жетекчиси Колорадо университетинин Атмосфералык жана космостук физика лабораториясынын доктору Брюс Жакоский.

Индия Марска "Мангалаян" көлүгүн 5-ноябрда учурган. Индиянын алгачкы көлүгү 780 миллион чакырым учуп, "кызыл планетага" 2014-жылдын сентябрында жетет деп күтүлүүдө. (BAz)

XS
SM
MD
LG