Өкмөт башчы Жантөрө Сатыбалдиев Москвадан ден соолугун текшертти. Премьер-министрдин маалымат катчысы Мелис Эржигитовдун "Азаттыкка" айтымында, медициналык текшерүү аяктады, бүгүн Жантөрө Сатыбалдиев Бишкекке кайтат. Кечээ айрым орусиялык сайттар кыргыз өкмөтүнүн башчысы Москвада жүрөгүнөн операция болду деп жазып чыгышкан. Мелис Эржигитов бул айтылгандарды "эч бир чындыкка коошпогон калп" деп атады. Сатыбалдиев бир жумалык эмгек өргүү алып, Москвага 11-ноябрда жөнөп кеткен болчу. (RK)