Кыргызстанда соңку суткада өрт болгон жерлерден эки кишинин сөөгү табылды. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалымат кызматынын башчысы Абдишарип Бекиловдун "Азаттыкка" айтымында, бүгүн таңга жуук Баткендин Кызыл-Кыя шаарынын тургуну, 73 жаштагы Марип Сейдакматовдун өз үйүндө түтүнгө ууланган сөөгү табылган. Кырсыкка мештин туура эмес салынып калганы себеп болгон. Ал эми Оштун Кара-Суу районунда Дыйкан айылындагы Юбилейная көчөсүнүн №13 үйүндө өрт чыккан жерден үйдүн ээси А.Кудаяровдун жансыз денеси табылган. Кырсыктын себеби такталууда. Жалпысынан кечээтен бери өлкө аймагында 40 өрт кырсыгы катталды. (RK)