Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 10:04

Вердиге арналган концертке көрүүчү көп келди


Бишкекте кечээ кечинде белгилүү италиялык композитор Жузеппе Вердинин 200 жылдыгына карата уюштурулган концертте көрүүчүлөр өтө көп болду. Абдылас Малдыбаев атындагы Улуттук опера жана балет театрынын залы жык-жыйма толуп турганын бүгүн "Азаттыкка" "Отунбаеванын демилгеси" эл аралык фондунан кабарлашты. Концерт аталган фонд тарабынан Италия элчилиги менен биргеликте уюштурулду. Италиялык дирижер, маэстро Жерардо Колела баштаган оркестр жана Борбор Азиянын Жаштар оркестринин аткаруусунда Вердинин атактуу чыгармалары жаңырды. (RK)

XS
SM
MD
LG