Бишкекте шаар жетекчилигинин ыкчам кызматына телефондон түшкөн даттануулардын көпчүлүгү электр энергиясына байланыштуу болууда. Мэриядан кабарлашкандай, соңку эки аптада "185" ыкчам кызматына 314 телефон чалуу болгон. Алардын 77% боюнча тиешелүү иш аткарылды. Шаардыктардын арыз-даттанууларынын 95ин электр менен камсыз кылуудагы көйгөйлөр, 40ка жакынын тазалыкка байланыштуу маселелер түзгөн. (RK)