Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:12

Корей музыкасынын концерти өтөт


Бишкекте корей музыкасынын концерти өтөт. Бул тууралуу бүгүн "Роза Отунбаеванын демилгеси" фондунан кабарлашты. Музыкалык - билим берүү программасы Улуттук консерваторияда 24-ноябрда өткөнү жатат. Расмий маалымат боюнча, бүгүнкү күндө Кыргызстанда 17 миңге жакын корей улутундагы жаран жашайт. Корей диаспорасы улуттук маданият, тарыхка арналган түрдүү иш-чараларды өткөрүп келет.

Келерки аптада Сеулда кыргыз-корей сүйлөшүүлөрү өтөт. Президент Алмазбек Атамбаев Корея Республикасында расмий сапарда болот. Түштүк Кореянын президенти Пак Кын Хе айымдын чакыруусу боюнча уюштурулуп жаткан сапардын учурунда эки тараптуу кызматташтыкты бекемдөө багытында сүйлөшүүлөр өткөрүлүп, жыйынтык документтерге кол коюлат.

Түштүк Кореяда, расмий маалымат боюнча, 3,5 миңдей кыргызстандык бар. (RK)

XS
SM
MD
LG