Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 12:20

Орусия Иран боюнча "учурду пайдаланып калууга" үндөдү


Сергей Лавров
Сергей Лавров
Орус тышкы иштер министри Сергей Лавров ишембиде телеканалда көрсөтүлгөн маегинде азыр дүйнө өлкөлөрү менен Иран талаштуу программа боюнча дээрлик мунаса табышканын, ушул учурду колдон чыгарбаш керектигин айтты.

"Азыр талкууга алынып жаткан маселелер боюнча кескин карама-каршылык жок, жөн гана аларды туура дипломатиялык тилге салуу иши турат, - деди Лавров. - Анткени бул сырттан мажбур киргизилбеген, биргеликте иштелген документ болушу керек".

Анын алдынан Ирандын тышкы иштер министри Жавад Зариф да ушул өңдүү билдирүү жасаган эле.

Дүйнөнүн алты ири мамлекети менен Иран келерки аптада кайрадан Женевага чогулуп, Тегерандын тынчсыздануу жаратып жаткан ядролук программасын талкуулашмакчы. Тегеран өзүнө каршы киргизилген санкциялардын алынып салынышын каалайт. Ошон үчүн анын программасы атом бомбасын жасоого багытталбаганына ишендиргенге аракет кылып жатат.

XS
SM
MD
LG