Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Май, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 00:26

Грузияда жаңы президент ант берди


Грузиянын жаңы президенти Георгий Маргвелашвилинин ант берүү аземи, 17-ноябрь, 2013
Грузиянын жаңы президенти Георгий Маргвелашвилинин ант берүү аземи, 17-ноябрь, 2013
Бүгүн Тбилисиде Георгий Маргвелашвили президенттик антын берип, ишине расмий киришти. Кызматтан кетип жаткан премьер-министр Бидзина Иванишвилинин “Грузин кыялы” партиясынын талапкери Маргвелашвили өткөн айдагы шайлоодо уткан.

Мыйзамга ылайык, ал бүгүн ишке киришээри менен азыркы өкмөт таркатылат жана жаңысы парламент тарабынан куралат. “Грузин кыялы” дагы эле бийликте калат деп күтүлүүдө, анткени азыркы парламентте анын мүчөлөрү басымдуулук кылышат.

Жаңы президенттин ишке киришиши өлкөнү 10 жыл башкарган батышчыл президент Михаил Саакашвилинин доору бүткөнүн күбөлөндүрөт. Саакашвилини азыркы премьер “саясий өлүк” деп атаган жана ал кылмыш жообуна тартылышы мүмкүн экенин эскерткен.

XS
SM
MD
LG