Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Июль, 2026-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 04:02

Казанда учак кыйрады

Казань эл аралык аба майданы, Татарстан.
Казань эл аралык аба майданы, Татарстан.
Казандын эл аралык аба майданында "Татарстан" авиакомпаниясына таандык Боинг–737-400 учагы жергиликтүү убакыт боюнча саат 19:25те конуп жатканда кырсыкка учурады. Бул тууралуу Татарстан Республикасы боюнча Орусиянын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин башкармалыгы маалымдады. Москва – Казань каттамын аткарган учакта алдын-ала маалыматтар боюнча, 44 жүргүнчү набыт кетти. Жүргүнчүлөрдөн тышкары, бул 363-рейсте экипаждын 6 мүчөсү да каза тапты, учакта бардыгы болуп 50 адам болгон. Росавиация өкүлдөрү самолёт конууга эки жолу аракеттенгенин кошумчалады. Жарылуунун себептери тиешелүү органдар тарабынан иликтенет. (BAz)
XS
SM
MD
LG