19-ноябрдан тарта Кыргызстанда аба ырайы бузулат. Жамгыр жаап, тоолуу аймактарга кар түшөт. Айрым тоолуу райондордо батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы 22 метрге чейин жетиши мүмкүн. Түнкүсүн өрөөндөрдө 10 градуска чейин, тоолордо 30 градуска чейин суук болушу күтүлүүдө.
Мындай аба ырайы кыштоо жайыттарында мал кармоону кыйындатып, унаа каттамына, байланыш, энергетика жана коммуналдык кызматтардын ишине терс таасирин тийгизет. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен маалымдашты.
Аталган министрлик өзгөчө кырдаалдарга чара көрүү даярдыгын жогорулатуу үчүн 16-ноябрда атайын буйрук да кабыл алган. (SE)