Бишкек-Торугарт жолундагы кырсык боюнча кылмыш иши козголду. Милициянын алдын ала божомолуна ылайык, окуя “Хонда Аккорд” үлгүсүндөгү унаа айдоочусунун күнөөсү менен болушу мүмкүн. Бул тууралуу “Азаттыкка” Чүй облустук Ички иштер башкармалыгынан кабарлашты.
Кемин шаарчасына жакын аймакта 17-ноябрь күнү кечинде “Мерседес-Спринтер” үлгүсүндөгү кичи автобус менен оң рулдуу “Хонда Аккорд” машинеси кагышкан. Кырсыктан 18 адам жабыркап, 8 киши каза тапкан. Жабыркагандар ошол эле күнү Кемин райондук ооруканасына жеткирилген. Бүгүн алардын үчөө Бишкектеги 4-ооруканага которулганын Саламаттыкты сактоо министрлигинен кабарлашты. (SE)