Косовонун сербдер байырлаган бөлүгүндө жергиликтүү шайлоонун жыйнытыктарын чыгарышууда. Ага чейинки добуш берүү серб улутчулдары Митровицадагы 3 участокко кол салгандан кийин үзгүлтүккө учураган. Кечээки шайлоо тынч өттү. Косовонун бийлиги кабаралагандай, өнөктүккө шайлоочулардын 22 проценти катышты. Евробиримдиктин тышкы иштер министри Кэтрин Эштон "тынч шайлоо Косово жана Сербиянын Евроинтеграция жолундагы алга жылуусу үчүн маанилүү кадам" болуп калганын белгиледи.
Жекшемби күнү добушканалардагы коопсуздукту камсыздоого жергиликтүү тартип коргоочулардан тышкары Евробиримдиктин жана НАТОнун бейпилдик күчтөрү тартылган. Алдын ала жыйынтыктар бүгүн белгилүү болмокчу.