Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Декабрь, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:08

Атамбаев Татарстан башчысына көңүл айтты


Мамлекет башчы Алмазбек Атамбаев Татарстандын президенти Рустам Миннихановго Казан аэропортундагы кырсыкка байланыштуу көңүл айтты.

 - Курмандыктардын арасында Сиздин уулуңуз Ирек бар экендиги өзгөчө кейитти. Жакын адамыңыздан ажыраган ушул оор учуруңузда  кайгыңызды тең бөлүшөм”,- деп жазылат телеграммада.

Ошондой эле кырсыктан 50 кишинин каза болушуна байланыштуу Орусиянын президенти Владимир Путинге да көңүл айтуу катын жиберди.

“Татарстан аба жолдорунун” Москва-Казан каттамындагы Боинг-737 учагы 17-ноябрь күнү кечке жуук коноордо жарылып, борттогу 50 киши мерт кеткен. (SE)

 

XS
SM
MD
LG