Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 07:20

Алматы: базардагы өрттөн кыргыз ишкерлери зыян тартты


Бул тууралуу "Азаттыкка" бүгүн “Замандаш” ассоцациясынын Алматыдагы өкүлү Туратбек Аманбаев кабарлады. Анын айтымында, 17-ноябрда таңга маал Алматыдагы “Кулагер” жана “Арал” базарларында өрт чыккан. Бул базарларда көптөгөн кыргызстандыктар соода менен шугулданат. Аманбаев кошумчалагандай, өрттөн болжол менен 300дөн ашуун кыргыз ишкеринин товарлары толугу менен күйүп кетти. Өрттөн жараат алгандар жок. Тышкы иштер министрлиги Алматыдагы башкы консулдук Алматынын расмий органдары менен байланышып, жабыркаган жарандарга жардам көрсөтүү боюнча сүйлөшүп жатканын кабарлады.

Учурда өрттүн эмнеден чыкканы жана кесепеттери аныкталып жатат.(BkA)

XS
SM
MD
LG