Оштогу кабаттуу көпүрөнүн курулушуна шаардагы медицина кызматкерлери 50 миң сомдой акча которушту. Бул тууралуу бүгүн шаардык мэриянын басма сөз кызматы кабарлады. Мурадараак мугалимдер эмгек маянасынын бир бөлүгүн ушул курулушка берери кабарланган болчу. 14-ноябрь күнү Ошто жаштар кечеси уюштурулуп, студенттер да көпүрө үчүн акча топтошуп, айрымдар кол телефонун, сөйкө, шакектерин тапшырган.
Калаанын Навои көчөсүндөгү кабаттуу көпүрөнүн курулушу өткөн айда башталган. Шаардык кеңештин депутаттары бул көпүрөнү бүтүрүүгө калаа бюджетиндеги акча жетпестигин айтып келишет. Ош мэриясы болсо асма көпүрөгө инвестор изделип жатканын, кийинки күзгө дейре иш бүтөөрүн убада кылууда. (SE)