Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 16:46

Олланд жөөт конуштарын кеңейтүүнү токтотууга үндөдү


Франциянын президенти Франсуа Олланд Израил Палестин аймактарында конуштарды салууну токтотууга тийиш, бул – тынчтык жараянына залакасын тийгизүүдө деп билдирди. Олланд Иордан дарыясынын батыш жээгиндеги Рамалла шаарында Палестина лидери Махмуд Аббас менен жолукту.

Сүйлөшүүлөрдөн кийин Палестин аймактарына биринчи расмий визит жасаган президент жөөт конуштары тынчтык диалогун кыйындатууда жана жаңжалды “эки мамлекет” сүйлөшүү жолу менен чечүү аракеттерине кедереги болууда деди. Өткөн аптада Израилдин ал чөлкмөдөрдө 20 миң турак жай тургузуу планы белгилүү болгондон кийин Палестинанын тынчтык сүйлөшүүлөр боюнча делегациясы отставкага кеткен. Кечээ Олланд Израилде болуп жөөт мамлекетине колдоосун кайталап, Париж Иранга атомдук программасы боюнча кысым көргөзүүнү уланта берээрин билдирген.

XS
SM
MD
LG