Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 02:33

Казанда жарылган Боинг мурда да кырсыктаган


Казанда жарылган Боинг–737-500 (VQ–BBN) учагы.
Казанда жарылган Боинг–737-500 (VQ–BBN) учагы.
Казандын эл аралык аба майданында жарылган "Татарстан" авиакомпаниясынын Боинг–737-500 учагы 12 жыл мурда дагы кырсыкка учураган. Бул тууралуу Авиация коопсуздугу боюнча маалымат порталы кабарлады. Учактар реестрине ылайык, VQ–BBN каттоосу бар самолёт 1990-жылы чыгарылган жана аты аталган авиакомпанияда 2008-жылдан бери иштетилген.

Бул учак 2001-жылдын 17-декабрында Бразилиянын Белу-Оризонти шаарынын Танкреду Невес атындагы эл аралык майданына конуп жатканда кырсыкка учураган. Рио-де-Жанейронун Сантос-Дюмонт аэропортунан келе жаткан учакта 102 жүргүнчү жана экипаждын 6 мүчөсү болгон. Учак ал кезде "Рио Сул" авиакомпаниясына таандык болгон.

Самолёт учуп-конуу тилкесине 70 метр жептей жерге урунуп, сол дөңгөлөгү сынып кеткен. Андан соң учак дээрлик эки чакырым бир дөңгөлөгү менен жүрүп токтогон. Ал окуяда эч ким жабыркаган эмес.

Казанда кырсыктаган Боинг–737-500 жети авиакомпанияда кызмат өтөгөн. Бул – "Татарстан" авиакомпаниясынын флотундагы ушул үлгүдөгү жалгыз учак болгон. Авиакомпанияда учурда бир Боинг–737-400, эки ТУ–154 жана төрт Аэробус–319 учактары бар.

"Татарстан" авиакомпаниясынын жалгыз Боинг–737-500 учагы 17-ноябрь жергиликтүү убакыт боюнча саат 19:25те конуп жатканда кырсыкка учураган. Москванын "Домодедово" аэропортунан Казанга келген учакта 44 жүргүнчү набыт кетти. Жүргүнчүлөрдөн тышкары, каргашалуу 363-рейсте 6 экипаж мүчөсү каза тапты, учакта бардыгы болуп 50 адам болгон. (BAz)

XS
SM
MD
LG