Душанбе эл аралык аба майданынын жадыбалына ылайык, улуттук "Тажик Эйр" авиакомпаниясынын Душанбеден Москвага 627-каттамы Бишкек аркылуу учууда. Тажикстандагы авиакеросиндин таңкыстыгы жана кымбаттыгынан улам "Тажик Эйрден" тышкары "Ист Эйр" жана "S7 Эйрлайнс" Бишкек аркылуу учуп жатат. Тажик учактар Бишкектен кошумча күйүүчү май куюп, сапарын ары улантышат.
"Тажик Эйрдин" Стамбулга, Сочиге жана Тегеранга каттамдары Түркмөнабад аркылуу учуп жатышат.
Ошондой эле "Домодедово" аэропортунун сайтына ылайык, "Ист Эйрдин" Коргон-Төбөдөн Москвага 733-каттамы жана Кулябдан 703-каттамы 2014-жылдын апрелине чейин Бишкек аркылуу учат.
Авиакеросиндин таңкыстыгы жана кымбаттыгынан улам Орусиянын "S7 Эйрлайнс" авиакомпаниясынын Хоженттен Москвага 960-каттамы Бишкек аркылуу 1-декабрга чейин учат. Ушул кырдаалга байланыштуу Тажикстанга чартердик рейстер дээрлик токтогон. Кээ бир тажикстандык авиакомпаниялар Түркмөнабад жана Шымкент аркылуу учууда.
Борбор Азияда эң арзан авиакеросин Түркмөнабадда – бир тоннасы 1081 доллар. Бишкекте – 1140 доллар, Алматыда – 1393 доллар жана Душанбеде 1900 доллар. (BAz)