Бул тууралуу Бишкек шаардык милициясынын маалымат кызматынын өкүлү Олжобай Казакбаев билдирди. Анын айтымында, ымыркай уурдоону уюштурду деген шек менен Бишкектеги №4 төрөткананын дарыгери Бегайым Алиева, мээрман айымы Шарапат Мамырканова жана ымыркайды уурдады делген Нуржан Мекенова Бишкектеги №1 тергөө абагына 1 айлык мөөнөт менен камакка алынды. Тергөөнүн алдын-ала версиясы боюнча, ымыркай үчүн Мекенова төрөтканын эки кызматкерине 1 миң доллар төлөп берген.
5-ноябрда Бишкектеги №4 төрөт үйүндө бир айлык кыз жоголгон. Апасы операция болгонуна байланыштуу аны ошол жерде дарыгерлер карап жатышкан. Ымыркайды милиция кызматкерлери 14-ноябрда Асанбай кичи районунан аталган төрөтканада дарыланып кеткен келиндин үйүнөн табышкан.(BkA)