Бүгүн Жогорку Кеңештин Билим берүү, илим жана маданият боюнча комитетинде санариптик телеберүүгө өтүүнүн даярдыгы боюнча парламенттик угуу өтөт. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин маалымат кызматынан кабарлашты.
Парламенттик угуу жүрүшүндө Кыргызстандагы санариптик берүүгө өтүүгө даярдык талкууланмакчы. Бул боюнча жасалып жаткан иштер тууралуу вице-премьер-министр Тайырбек Сарпашев маалымат берет.
Эл аралык келишимге ылайык, Кыргызстан 2015-жылдын июнь айында санариптик берүү форматына толук өтүүгө тийиш. Бирок акыркы учурда адистер өлкө коңшуларга салыштырганда санариптик берүүгө өтүүгө даярдыгынын начардыгына кабатыр болуп келишет.(BkA)