Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:01

Жол кырсыгынан жабыркаган жигит жардамга муктаж


Кеминдеги жол кырсыгынан жабыркаган 21 жаштагы Кубатбек Курманбек уулуна шашылыш түрдө кан керектигин айтып, жакындары коомчулукка кайрылды.

Эжеси Рахат Бакыбаева “Азаттыкка” билдиргендей, жаракаттан улам Кубатбектин өпкөсү менен бөйрөгү жакшы иштебей жатат. Бир буту ириңдей баштагандыктан 18-ноябрь күнү кечинде дарыгерлер кесип салышты. Өзү эсине келе элек.

Кубатбек Курманбек уулу Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районуна караштуу Барскоон айылынын тургуну. Ал азыр Бишкектеги №4 ооруканада жатат. 17-ноябрда Бишкек-Торугарт жолунда, Кемин шаарчасына жакын аймакта жол кырсыгы болуп, 8 адам каза тапкан, 23ү жараат алган. (SE)

XS
SM
MD
LG