Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 05:47

Бүгүн дүйнөлүк ажаткана күнү белгиленүүдө


2001-жылы Бириккен Улуттар Уюмунун чечими менен 19-ноябрь дүйнөлүк ажаткана күнү деп жарыяланган.

Аталган уюмдун маалыматына ылайык, учурда дүйнө жүзүндө 2,5 миллиард адам таза жана коопсуз ажатканага барууга мүмкүнчүлүгү жок. Өнүгүп келе жаткан өлкөлөрдөгү санитардык көйгөйлөрдүн башында ачык асман алдындагы дааратканалар турат.
Айрыкча Африка жана Азия мамлекеттеринде даараткана маселеси коомчулукта айтылбаган чоң маселе. БУУнун байкоосунда коопсуз жана кир ажатканалар коомдун өнүгүүсүн басаңдатаары айтылат. Айрыкча, ачык дааратканалардан ар кыл жугуштуу оорулар көбөйүп жатканын дарыгерлер белгилеп келет. Кыргызстанда да балдар арасындагы диарея же ич өткөктүн көбү ачык дааратканалардан жугаары адистердин изилдөөлөрүнүн жыйынтыгында көрсөтүлүп келет.

2012-жылдын октябрь айында Кара-Суу шаарындагы коомдук даараткананын асты кулап, 4 адамдын өмүрү кыйылган. (BCh\SE)

XS
SM
MD
LG