Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Март, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 23:47

Сардиния аралында чукул кырдаал жарыяланды


Сардинияда “Клеопатра” деп аталган циклондон кеминде 15 киши набыт болду. Италиянын премьер-министри Энрико Летта кабинеттин чукул жыйынын өткөрүп, аралда өзгөчө кырдаал жарыяланды. Премьер кырсыкты “улуттук трагедия” деп атады.

Олбия шаарчасынын мэри суу бир заматта каптаганын айтып берди. 1 жарым сааттын ичинде Миланга жамгырдын 6 айлык нормасы жааган. 56 миңдей киши жашаган шаардын дээрлик бардык имараттары суу астында калды. Синоптиктер жаан-чачын бүгүн басылбасын айтышууда. Көпчүлүк аймактар электрэнергиясыз калды.

XS
SM
MD
LG