Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:25

Украин парламенти "Тимошенко" мыйзамын бейшембиде карайт


Украина парламенти мурдагы премьер-министр Юлия Тимошенконун чет өлкөдө дарылануусуна жол ачкан мыйзам долбоорун эми бейшембиде карамай болду. Маселе бүгүн талкууланмак. Европа Биримдиги Украина ай этегинде шаркет менен эркин соода келишимине кол коюу үчүн экс-өкмөт башчыны коё бериши керек деген шарт койгон.

Тимошенко кызматынан кыянат пайдаланган деген айып менен 7 жылга кесилген. Расмий Брюссел бул иштин артында саясат турат деп эсептейт.

Дүйшөмбү күнү Германиянын канцлери Ангела Меркел "расмий Киев документке кол коюу үчүн ал критерийлерди аткарууну каалайбы же жокпу түшүнүксүз болуп жатат" деди. Өткөн жумада Жогорку Раданын депутаттары абактарда отургандардын чет өлкөлөрдө дарылануусун караган жобо боюнча мунасага келе алган эмес.

XS
SM
MD
LG