Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Январь, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:53

Армения жана Азербайжан президенттери жолугушту


Азербайжан жана Армения президенттери Илхам Алиев менен Серж Саркисян Венада Тоолуу Карабак маселесин талкуулашты. Жолугушуунун демилгечиси - Европадагы коопсуздук жана кызматташтык уюмунун Минск тобу сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгы боюнча кийинчерээк билдирүү жасамакчы.

Саркисян "Азаттыктын" суроолоруна жооп берип жатып, кездешүү "нормалдуу" өткөнүн белгиледи. Эки лидер акыркы жолу 2012-жылдын январында Сочиде Орусиянын демилгеси менен жолуккан.

1990-жылдары болгон уруш маалында жергиликтүү армян жикчилери Еревандын колдоосу менен Азербайжандын курамындагы Тоолуу Карабакты ээлеп алышкан. Жаңжалды жөнгө салуу боюнча дипломатиялык аракеттерден майнап чыга элек. Тоолуу Карабакты бир да өлкө тааныган эмес.

Бир нече күн мурун эки өлкөнүн президенттери жолугуп, диалогду улантуу жөнүндө макулдашкан.

Айдын башында АКШ президенти Барак Обама Алиевге жолдогон катында сүйлөшүүлөрдү жандандыруу чечимин кубаттаган.

XS
SM
MD
LG