Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 14:07

Ливандагы Иран элчилигине кол салынды


Шейшембиде Бейруттагы Иран элчилигинин жанындагы кош жардыруудан 23 адам набыт кетип, онго жакыны жараат алды. Жардыруудан элчи Газанфар Рок-Абади жабыркаган жок, бирок маданий алакалар боюнча атташе Ибрагим Ансари каза болду. Иран элчилиги Бейруттагы шииттердин “Хезболла” кыймылынын тарапкерлери көп болгон бөлүгүндө жайгашкан. Иран “Хезболла” сыяктуу эле Сирия президенти Башар Асадды колдоп, өнөктөш катары көмөк көрсөтүп келет.

Алгачкы маалыматтар боюнча, жардырууну эки жанкечти уюштурган. Жардыруу үчүн жоопкерчиликти “ал-Каида”террорчул тобу менен байланышы бар Абдулла Аззамдын тобу өзүнө алды. Кол салынган районго мурда сириялык козголоңчулар тарабынан чабуулдар жасалып келген. Ошондуктан, бул жолку кол салуу Иран менен “Хезболланын” Башар Асадды колдогону үчүн өч алуу катары бааланууда.

XS
SM
MD
LG