Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 02:49

Укук коргоочулар кеңеши Айткуловдун сабалышын айыптады


Кыргызстандын укук коргоочулар кеңеши белгилүү адвокат Икрамидин Айткуловдун сабалышын айыптады. Мындай билдирүүнү аталган кеңеш шейшембиде таратты. Анда Айткуловду мыйзамдуулукту орнотуу үчүн күрөшкөн адвокат деп атап, укук коргоо органдарынан аны сабагандарды таап, жазалоону талап кылган. Ошондой эле укук коргоочулар 2010-жылдан соң адвокаттарга кол салуулар көбөйгөнүн эскертип, бийликти буга көңүл бурууга чакырган.

Белгилүү адвокат Икрамидин Айткуловду 13-ноябрь түнүндө белгисиз бирөөлөр Бишкектеги үйүнүн жанынан токмоктоп кетишкен. Кол салуудан адвокаттын башы жарылып, мээси чайкалганын, буту сынганын билдиришкен. Айткулов бул кол салууну өзүнүн адвокаттык ишмердүүлүгүнө байланыштырып, ал үчүн бийликти айыптоодо. Айткуловго кол салууну Бишкектин Свердлов райондук милициясы иликтеп жатат. Азырынча эч ким кармала элек.

Икрамидин Айткулов бийликке оппозициялык көз караштагы адамдардын адвокаты катары көбүрөөк белгилүү. Ал “Ата-Журт” партиясынын депутаттарынын, экс-министр Равшан Сабировдун, “Мегаком” иши боюнча, Апрел окуясы боюнча, Кумтөр алтын кени боюнча айыпталып жаткандардын соттогу жактоочусу.(BkA)

XS
SM
MD
LG