Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:25

Чарбакта чек араны тосуу улантылат


Чек араны тосуу иштерин Чек ара кызматы жүргүзөт. Мындай маалыматты коопсуздук боюнча вице-премьер-министр Токон Мамытов “Азаттыкка” билдирди.

Баткендин Чарбак айылында жыл башындагы болгон жаңжалдан кийин аталган айылдын Өзбекстан менен чек арасын тикен зымдар менен тосмолоого акча бөлүнүп, иш башталган. Бирок чек ара 2 чакырымдай тосмолонгон боюнча токтоп калган эле.

Эми бул иш Курулуш жана архитектура агенттигинен Чек ара кызматына өткөрүлдү. Вице-премьер-министрдин айтымында, кийинки жылдын жазынан тарта аймакта чек араны тосмолоо жанданат. Ага керектүү каражаттар даяр. Чарбак айылы Өзбекстан менен 10 чакырымдай чектешип, чек ара тосулбагандыктан жаңжалдар чыгып турат. Соңкусу быйыл жыл башында катталып, коңшу өлкөнүн тургундары чарбактыктарды барымтага алууга чейин жеткен.(JsA\BkA)

XS
SM
MD
LG