Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 06:57

“Гринпистин” дагы тогуз мүчөсү күрөөгө бошотулду


Санкт-Петербургдун соту деңизде мунай өндүрүүгө каршы чыкканы үчүн камакка алынган “Гринпис” уюмунун 9 мүчөсүн күрөөгө бошотту.

Бошотулгандар арасында Бразилия, Жаңы Зеландия, Италия, Аргентина, Польша, Франция, Канада жана Финляндиянын жарандары бар. Аталган жарандар 2 миллион рубль күрөө төлөштү. Буларга чейин кемедеги орус жарандары Екатерина Заспа, Денис Синяков жана Александр Аллахвердов үй камагына бошотулган эле.

"Гринпистин” 28 мүчөсүн жана 2 журналистти 19-сентябрда Печорск деңизинде Арктикада мунай өндүрүүгө каршы акция өткөрүп жаткан кезде орус чек арачылары кармап кетишкен. Нааразы болгондор "Арктик Санрайз" кемесинде болушкан. Аларга алгач деңиз каракчылыгы деген оор айып тагылган. Мындай айып менен активисттер 30 жылга чейин эркинен ажыралтылмак. Бирок кийин бул айып бейбаштык деген берене менен алмаштырылды. Эми “гринписчилердин” айыбы далилденсе, 7 жылга чейин кесилиши мүмкүн. Көптөгөн эл аралык уюмдар орус бийликтеринин мындай аракетин сындаган.

XS
SM
MD
LG